УКМК: Дүйшөнбек Зилалиев кармалып, тергөө абагына кайтарылды

Окуялар тизмеги 13 Окт 2020 11:59
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 13-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалып, тергөө абагына кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында 6-октябрга караган түнү соттун мыйзамсыз чечими менен камактан бошотулган Зилалиев 12-октябрда кайтарылганы айтылат.

УКМК камактан мыйзамсыз чыгып кеткендерди табуу жана кармоо боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү массалык тополоң жана президенттик аппараттын, парламенттин, УКМКнын кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган.

Ошондо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыгып кетишкен. Мындан тышкары бир катар башка адамдар да чыгып алышкан, алардын арасында 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министр болгону айтылган Садыр Жапаров да бар болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.