Садык Шер депутаттык мандатын Өмүрбек Текебаевге берет

Окуялар тизмеги 13 Окт 2020 09:20
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер депутаттык мандатынан баш тартты. Ал мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берүү максаты менен түшүндүрдү:

«Биздин партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурда фракцияда «депутаттык вакансиялык мандат жок» деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп, аны лидерибизге берүүнү туура көрдүм. Анткени, бүгүнкү күнү парламент Өмүрбек Текебаев сыяктуу күчтүү саясатчыга муктаж. Мен БШКнын төрайымына арызымды да дал ушундай максатты көздөп, мандаттан баш тартканымды ачык билдирип жаздым. Эгер эртең алар бүгүнкү чечиминен баш тартып, мен бошоткон орунду да Текебаевге бербей, оюн кыла турган болсо, анда арызым күчүн жоготот».

Садык Шер БШКнын төрайымына арызын 12-октябрь күнү кечке жуук берген.

Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ырастады. Анын айтымында, Садык Шердин арызын Боршайком 13-октябрь күнү карайт.

БШК 12-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин карап, бирок чечкен эмес. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жыйынга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны катышпаганынан жана бош мандат жоктугунан улам чечим кабыл алынбаганын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.