Депутат Урматбек Самаев Аида Касымалиеванын айткандарына жооп берди

Окуялар тизмеги 12 Окт 2020 14:27
0 ой-пикир

Депутат Касымалиева Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйынында кызматташы Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын «Азаттыкка» билдирген:

«Анын үстүнө ошол жерде «силер ушул жерге келесиңер, добуш бересиңер» деп депутат Урмат Самаев коркутуп жүрдү. Мени да коркутту. Аттарын айта албайм, бирок бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна келтирип атты. Ар кимге чалып, «келесиңер, добуш бересиңер, болбосо каршы добуш бергендерди үйүңөргө чейин барып тытмалап кетебиз» деген сөз болду».

«Аида Касымалиева менен бир эле жолу жолуккам, жанында депутаттар бар болчу. Түз эфирде көрсөтүлүп жатты. Аида менен мен сүйлөшпөсөм, же жалгыз бир жакка колунан сүйрөп баратсам бир жөн. Эмнеге андай кылып жатат, билбейм. Буга чейин деле мамилем түз болчу. Депутаттардын эң жашы болсом, баарын көтөрүп баргыдай алар оокат же буюм эмес да. Ар биринин ою, артында кишилери бар».

Депутат Урматбек Самаев өзүнүн кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу айтылып келаткан пикирлерди да төгүндөп, «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев менен тааныштыгы тууралуу буларды айтты:

«Ал киши ат чабат, улак тартат. Көргөн жерден учурашып калабыз. Мен «Көк бөрүнүн» вице-президенти, «Аргымактын» президенти болгом. Тааныбайм деген жерим жок. Бирок, алардын буйругу менен иш кылган жерим жок», — деп билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.