Таажы вирусунан 3 адам кайтыш болду

Окуялар тизмеги 11 Окт 2020 12:38
0 ой-пикир

Республикалык штабдын 11-октябрдагы маалыматына караганда, COVID-19 жугузуп алгандардын саны 306.

Акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы үч киши кайтыш болду. Анын экөө Ош, бирөө Баткен облусунда катталды.

Аты жаман илдеттен кайтыш болгондордун жалпы саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1085ке жетти.

Эске салсак, 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.