Салайдин Авазов кармалды

Окуялар тизмеги 11 Окт 2020 14:24
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Салайдин Авазов 11-октябрда ыкчам издөө иштеринин негизинде кармалды. Эске салсак, Салайдин Авазов Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бири. Сот аны 11 жыл үч айга эркинен ажыраткан.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө 6-октябрга караган түнү камактан мыйзамсыз бошотулган Авазов Жаза аткаруу кызматына караштуу абакка жеткириле турганы, ошол жерде жазасын өтөөнү улантары айтылган. Анын кайсы жерден кармалганы такталган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.