Равшан Жээнбековду УКМК күбө катары чакырды

Окуялар тизмеги 11 Окт 2020 12:24
0 ой-пикир

Саясатчы Равшан Жээнбековду УКМК 11-октябрда эртең мененки саат 10:00го күбө катары чакырды.

Ал “массалык башаламандык уюштурду” деп камап коюу ыктымалдыгы бар экенин, бирок “бир да тарапка эч кандай мыйзамсыз иш-аракет жасабаганын” билдирди.

Саясатчы ошондой эле 10-октябрда өткөн парламенттин кезексиз отурумундагы өкмөттү дайындоо тууралуу өз пикирин билдирип:

“Өкмөт башчыны дайындоо бир тараптуу добуш берүү менен өттү. Ага жалаң президент Сооронбай Жээнбековду жактаган депутаттар, башкача айтканда, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партияларынын талапкерлери гана катышты”, — деди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.