Ысык-Көл облусунун аймагында абал туруктуу, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө, — деп билдирет басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов. Түзүлгөн элдик кошуундар менен бирдикте, жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылууда.
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында, ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери, элдик кошуундарынын мүчөлөрү күндүзгүсүн жана түнкүсүн көчөлөрдө тартип сактоо боюнча күзөттөрдү жүргүзүүдө.
Жергиликтүү бийлик органдарынын, жаштар, аялдар жана аксакалдар кеӊешинин өкүлдөрү менен бирдикте, облустун аймагында ар кандай укук бузууларга, талап-тоноочулука, массалык баш аламандыктарга жол берүүдөгү деструктивдик күчтөрдүн таасирин азайтуу максатында, эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.
Коомдук коопсуздукту сактоо боюнча милициянын ишине коомчулуктун активдүү жардамынан улам, облустун аймагында мародерлукка жана талап-тоноочулукка жол берилген жок.