Коронавирустан беш адам каза болду

Окуялар тизмеги 10 Окт 2020 12:53
0 ой-пикир

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб вирустан жана пневмониядан каза болгондор боюнча көрсөткүч оорлой баштаганын билдирди.

Штабдын бүгүнкү, 10-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери беш адам каза болду, алардын экөө Бишкекте, үчөө Ош облусунда. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 082ге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 307 адамдан табылды. Алардын эң көбү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкекте. Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 48 924кө жетти.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.