Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду.
Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон.
Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.