Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыкты

Окуялар тизмеги 09 Окт 2020 18:11
0 ой-пикир

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова жарыялады.

Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, “Өзгөчө абал тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренесине ылайык чыгарылган. Массалык башаламандыктын натыйжасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана өлкөдө кырдаалды турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 9-октябрь саат 20:00 – 8:00 аралыгында өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абал тартып, 21-октябрга чейин киргизилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.