Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов баштаган жүздөгөн митингчилер Ак үй жакка бара жатышат

Окуялар тизмеги 09 Окт 2020 16:29
0 ой-пикир

9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган жүздөгөн митингчилер Бишкектеги “Форум” ишканасынан чыгып, Ак үй тарапты көздөй бет алышты. Анын алдында Атамбаев элдин алдында чыгып сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековду өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Бишкектеги борбордук бөлүгүндө, өкмөт үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг өткөрүшүүдө. Буга чейин Жапаров Атамбаев менен Бабанов “эл чогултуп жатканын” айыптаган.

Бүгүн ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол бекетинин жанында өтүп жатат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы Бишкекте миңдеген адамдар көчөгө чыгып, анын аягы митингчилердин Ак үйгө кирип барышы менен аяктаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрдагы билдирүүсүндө өлкө мыйзамдуу жолго, укуктук нукка түшкөн соң кызматын тапшыра турганын жарыялады.

Сүрөт Спутник басылмасынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.