4 партия Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке сунуштады

Окуялар тизмеги 09 Окт 2020 12:32
0 ой-пикир

Төрт саясий партия Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке сунуштады. Биринчи вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди көрсөтүштү.

Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, легитимдүү түрдө, шайлоо аркылуу бийликке келүү туура экенин айтты.

«Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партиялары Кыргызстанда түзүлгөн акыркы оор саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча бирдиктүү меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу алар басма сөз жыйында билдиришти.

Анын негизинде өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунушташты. «Акыркы Үмүт» деп аталган саясий бирикмеге чогулуп, өлкөнүн биримдигин, коопсуздугун сактоо үчүн орток чечим кабыл алышканын билдиришти.

Билдирүүнү окуган «Ата Мекен» партиясынан талапкер Тилке Токтогазиев: «Садыр Жапаров өкмөттү күч менен басып алып, өкмөттөгү кырдаалды жөнгө салбай, туңгуюкка алып барууда. Ушундан улам 4 партия биригип, бирдиктүү чечим кабыл алдык. Жогорку Кеңешке кысымдар көп болууда. Укуктук талаага кайтып келүү үчүн күч түзүмдөрүнө колдоо көрсөтүп, депутаттарга кысымды токтотуу зарыл», — деди.

Басма сөз жыйында Өмүрбек Бабанов аянттагы башаламандыкка жана азыркы абалга шайлоодогу адилетсиздик себеп болгонун баса белгиледи. Окуяларда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулуну жакындарына көңүл айтты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.