Ошто Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

Окуялар тизмеги 07 Окт 2020 16:13
0 ой-пикир

Ош шаарынын борбордук аянтына 200дөн ашуун киши буга чейин кызматын тапшырганы кабарланган мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө. Алар Сарыбашовду ордуна алып келүүнү талап кылып жатышат. 6-октябрь күнү шаардык кеңештин депутаттары Сарыбашовдун ишине ишеним көрсөтпөө тууралуу көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алышкан. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөнкул Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

Таалайбек Сарыбашов Ош облусунда губернатор, Алай районунун акими болуп иштеген. Митингге чогулгандардын басымдуу бөлүгү Алайдан келгенин айтышууда.

Ош шаарынын мурунку мэри Таалай Сарыбашев менен ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун келишими кече ушундай аяктаган экен. Бүгүн экөө келише албай турушат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.