Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг болуп жатат

Окуялар тизмеги 07 Окт 2020 13:18
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг болуп жатат. Ага «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган бир нече саясий топ катышууда.

Митингде сөз сүйлөгөндөр «өкмөт башчылыкка мурдагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү эмес, таза, адилет, ачык-айкын иштей турган жаш лидерлер келсин» деп талап кылышууда. Активист Улан Үсөйүн чогулгандарга модераторлук кылып жатат.

«Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек уулу:

«Бардык саясий тараптарды чакырып, кеңешип иш кылышсын. Жең ичинен сүйлөшпөй, ачык-айкын аракеттерди жасашсын. Азыр эл билбеген бийликти орнотууга аракет кылышууда. Маселе бир кишиде эмес, өлкөбүз үчүнчү жолу революция жасап, кайра эски жолго түшүп жатабыз. Коом өзгөрүү жолуна түшөт деп ойлогонбуз. Элдин үмүтүн бир ууч топ менчиктеп алды», — деди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.