Роза Отунбаева: «Кыргызстандын тагдыры азыр лидерлердин колунда»

Окуялар тизмеги 06 Окт 2020 11:34
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева «Азаттык» радиосуна 5-6-октябрь түндөрү болгон окуялар тууралуу маек куруп, азыркы түзүлгөн абалдан чыгуунун жолдорун айтты.

«Келе жаткан парламент үчүн бул кырдаалдан чыгуу чоң сыноо болмокчу. Лидерлерге кайрылат элем, чогулуп, кырдаалды таразалап, чыныгы лидерлик сапаттарын көрсөтүү маалы келди. Кыргызстандын тагдыры азыр алардын колунда. Эл аралык аренада да өлкөнүн жүзү жарык болуш үчүн салмактуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзгөн мыйзамдар бар. Биринчи кезекте лидерлер өз ара биригиши керек, орток стратегия кабыл алып, жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгилеп, жаңы жылга чейин ушул жараяндарды ишке ашырып алса, чоң утуш болот эле. Элге тандоо мүмкүнчүлүгүн эркин берүү зарыл», — деди Отунбаева.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.