Ак үй өрттөнүп жатат

Окуялар тизмеги 06 Окт 2020 08:54
0 ой-пикир

Бишкектеги президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган Ак үйдө өрт чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, учурда аталган имараттын үчүнчү кабатынан кара түтүн каптап, түтөп жатат. Азырынча имараттын жанында эки өрт өчүрүү автоунаа келип, тилсиз жоону өчүрүү аракетин көрүүдө.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан. Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашканы кабарлаган. Бул партиянын өкүлдөрү Ак Үйдүн ичиндеги терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланганын билдиришкен болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.