Уурулар кармалды

Окуялар тизмеги 05 Окт 2020 12:40
0 ой-пикир

Ушул жылдын 3-октябрында болжол менен саат 03:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жал кичи районунда велосипед уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1973-жылы туулган Б.Ш аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 03:30 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнүн подьезинде турган 2 даана велосипедин уурдап кетишкен.
Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери Ашубаев М. жана Шейшенов К. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин уюштуруп, кылмыш иизин суутпай, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган С.Ж жана 1997-жылы туулган К.Н аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрушкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.