Талас эли Бишкекке аттанды

Окуялар тизмеги 05 Окт 2020 19:38
0 ой-пикир

Талас облусунун эли борбор калаага келгени турушат. Бул тууралуу видеотасма интернет айдыңына тарады.

Ошондой эле, буга чейин Нарын облусунун эли дагы митингге чыкканы айтылган эле.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында бир нече партиянын митингдери өтүп жатат.

Аянтка биринчи болуп “Социал-демократтар” партиясы келди – алардын митинги саат 11: 00гө белгиленген.

Артынан – саат 12: 00дө бир эле учурда беш партия жолугушуу өткөрүү үчүн чогулушту. “Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат”, “Ыйман Нуру”, “Реформа” жана “Ордо” бириккенин билдиришти. Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, аларды жараксыз деп табууну талап кылышууда.

Митинге шоу-бизнестегилер, атактуу, аттуу-баштуулар кошула баштады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.