Сегиз партия биригип митингге чыкты

Окуялар тизмеги 05 Окт 2020 16:01
0 ой-пикир

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге аянтка чыкты. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып «Бир Бол» партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов өлкө келечеги үчүн күрөштү улантууга чакырды:

«Шайлоо эмес, бандиттер менен уурулардын парламентти жана өкмөттү сатып алуусу болду. Ар бир аймакта шайлоо кандай ыплас өткөнүн көрдүңөр. Эгер бүгүн ушуга жол берип койсок, дагы беш-он жыл ушулардын эксплуатациясынан кутулбайбыз».

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат.

Партия лидерлери митинге келгендердин башынан бир тал да түшпөйт деп билдиришти.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.