Орусиялык журналисттер Жогорку Кеңешти кыдырып чыгышты

Окуялар тизмеги 03 Окт 2020 15:55
0 ой-пикир

2-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону чагылдыруу үчүн келген Россия Федерациясынын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү парламент имаратында болушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, журналисттер 80 жылдык тарыхка ээ кыргыз парламентинин баскан жолу, анын ичинен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Андан тышкары чет мамлекеттерден Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да чакырылган.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.