Министрдин орун басары: «Оор абалда 16 адам жандандырууда жатат, абал курч»

Окуялар тизмеги 02 Окт 2020 14:56
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турат, — деп саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-октябрда билдирип, мындай жагдайга адамдардын ооруну кенебегендиги себеп болуп жатканын айтты.

«Азыр Баткен облусунда оору көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында байкалат. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир жарым айдагы эң чоң көрсөткүч.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.