Дастан Бекешов экс-президент менен жолугуп чыкты

Окуялар тизмеги 02 Окт 2020 14:18
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп чыкты. Ал бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды.

Дастан Бекешевдин айтымында, 2015-жылы ошол кезде өлкөнү башкарган Алмазбек Атамбаев ага КСДП партиясы менен депутат болуп келүүнү сунуштаган.

Дастан Бекешев Атамбаев ката кетирген учурлары да көп болгонун, ошол эле учурда анын ишмердүүлүгүнө тарых адилеттүү баа берерин билдирди.

Ошондой эле, депутат КСДП партиясынан демилгеленген айрым мыйзамдарга каршы добуш бергенин да белгилеп, 5 жыл аталган партиянын атынан депутат болгонун баса белгилеген. Бекешов Атамбаев мамлекетке чон салымын кошконун да айткан. Ал Алмазбек Атамбаев менен көп нерселерди талкуулаганын кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.