Жанар Акаев: Адилеттүү, эрки күчтүү парламент гана кубаттуу өкмөттү курай алат

Окуялар тизмеги 01 Окт 2020 12:21
0 ой-пикир

“Ата Мекен” бийликтин, бир ууч топтун мыйзамсыз аракеттерине каршы гана турбай, жаратмандык менен мекенге кызмат кылууга даяр. Партия накта элдик депутаттарды, билимдүү, кесипкөй жана эң негизгиси духу күчтүү, эрки бекем адамдарды бир муштумдай бириктире алды. Бул тууралуу “Ата Мекендин” тизме лидери Жанар Акаевдин кайрылуусунда айтылат.

“Байкап көрсөңүздөр, эч бир тармакта натыйжалуу реформалар ишке аша элек. Эмне үчүн? Реформаларды, өзгөртүүлөрдү жасоого, адаттан тыш чечимдерди кабыл алууга жалтак эмес, эрктүү кадрлар керек. “Атамекенчилерде” ошол саясий эрк бар!” – дейт Акаев.

Акаевдин айтымында, азыр Кыргызстанда парламенттик-президенттик эмес, президенттик башкаруу өкүм сүрүп жатат. Күчтүү парламент болгондо гана тең салмактуу бийлик болот.

“Биз шайлоо системасын жаңылайбыз. Азыркыдай “чимкириктер”, кландар, уурулар парламентте отурбашы керек. Бул үчүн преференциалдык шайлоо системасын сунуштайбыз – сиз партияны шайлоо менен бирге конкреттүү талапкерди да тандай аласыз. Биз парламентке келсек, өкмөттүн курамын жүз пайыз өзгөртөбүз. Парламенттин мүнөзүн, өзөгүн, табиятын өзгөртөбүз. Парламент азыркыдай бийликке гана кызмат кылган “кнопка баскыч” эмес, элге кызмат кыла турган билимдүүлөрдүн, чечкиндүүлөрдүн ордосу болушу керек. Адилеттүү, кубаттуу парламент гана кубаттуу өкмөттү курайт”,  — деп белгилерди лидер.

Жанар Акаев жарандардын добушу өлкө тагдырын чече турганын дагы бир жолу эскертип өттү:

“Алдыда эки гана жол турат – Кыргызстаныбыздын жаңы деми ачылып, өнүгүүгө карай бет алат же биротоло саясий-экономикалык кризистин түпкүрүнө түшөт. Экинчи сценарийдин аягы түнөргөн караңгылык, жүрөк тынчын алган белгисиздик…Суверендүү мамлекетибиздин бүтүндүгүн, балдарыбыздын келечегин, эң негизгиси өз абийирибизди арзыбаган акчага соодалап жибербейли! Туугандашкан, кландашкан, криминалдашкан системага каршы чогуу күрөшөлү! Адилеттүү, чынчыл коомду курууга, Ата Мекенебизди өнүгүү жолуна чыгарууга чогуу кадам таштайлы!”, – деп сөзүн жыйынтыктады Жанар Акаев.

4-октябрда шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 01.10.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.