Аймактардагы кесипкөйлөр “Ата Мекендин” катарында

Окуялар тизмеги 01 Окт 2020 15:32
0 ой-пикир

Ааламга жол айылдан башталат. Айылдан чыгып, адал эмгекке сугарылып чоңойгон, өз киндигин өзү кесип, далай  ийгиликтерди багындырган, айылынын эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн жүгүн көтөрүп келе жаткан азаматтарыбыз арабызда арбын. “Атамекенчилердин” катарын толуктаган алардын айрымдары менен таанышып алыңыз.

Абдурахман Усупбаев, №6 “Ата Мекен” партиясынан талапкер

   Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. “Кыргыз адам укугун коргоо комитети” коомдук уюмунда иштеп, NDI эл аралык уюмунда долбоор директору кызматын аркалаган.

   Мүмкүнчүлүктөрдүн баары борбордо деген бекер кеп. Ийгилик көздөгөн адам ар кандай шартка ыңгайланышып, максаттарын орундата алат. Алардын бири — Абдурахман Усупбаев. Жалгыз уул болгондуктан, ата-энесине караан болойун деп айылга кеткен. “Шаардагы жакшы мүмкүнчүлүктөрүн кечүү оңойго турган жок, а бирок үй-бүлө баалуулугу биринчи орунда” — дейт талапкерибиз.

  Абдурахман мырзанын өлкөнү өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу боюнча ынанымдуу программасы, эң башкысы өзүнө бекем ишеними бар. Билими, тажрыйбасы, инсандык сапаты, иштин көзүн таап кеткен тубаса шыгы менен көптөргө үлгү.

Азыркы мектеп окуучуларынын кумирлери- бандиттер же спортчулар. Жаштарга шарт түзүү десе эле спорт зал курабыз. Спорт дагы керек, бирок билим сапатына өзгөчө көңүл бурууну унутпайлы. 100 баланы күчтөп окутсак, элүүсү жок дегенде ишкер, мугалим, врач болушат. Айтор алар өз нанын тың таап жегенге үйрөнөт да. Аймактар үчүн атайын орто, кесиптик техникалык, жогорку окуу жайларынан квота бөлүп, адистерди даярдоо учур талабы”-  дейт Усупбаев.

   Коомдун көйгөйлөрүнө кейип, ар бир кыйналган кыргыздын тагдырын жүрөгүнө жакын алган Абдурахман Усупбаев мындан ары күтүүгө болбойт деген оюн билдирди. Жаратылыш байлыктарын максаттуу пайдаланып, билимдүү кадрларды жооптуу кызматтарга коюп, өнүгүүгө чоң секирик жасоого жапаа тырмак киришели деген талапкер бул шайлоодо элди алданбоого чакырды. Элибиздин эртеңи — биздин колубузда. Алабукалыктар Абдурахман Усупбаев сындуу ак жүрөк уулдарын колдоп алат деп ишенебиз.

Автандил Молдосалиев, №6 “Ата Мекен” партиясынан талапкер

   Нарын районундагы Казан-Куйган айылында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Нарын шаардык транспорт департаментинде директордун орун басары, Нарын шаардык кеңешинин эки жолку депутаты, Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Иштин көзүн көрө билген кесипкөй жетекчи алыскы айылга шаарда жок шарттарды жарата алды. Эң башкысы алтын кен боюнча талашта бийлик эмес, эл тарапта болуп, чыныгы элдик лидер экенин далилдеди. Ал айыл өкмөтүн жетектеп турган тапта айылда бардык талаптарга жооп берген таштанды таштоочу жай уюштурулду. Таштанды жана сууга жооптуу “Таза аймак” муниципалдык ишканасы ачылып, дээрлик жарым миллион сомго техника менен камсыздалды. Үч чакырымдан ашык жол тротуары менен бирге курулуп, АРИСтин колдоосунда малды идентификациялоочу жана залалсыздандыруучу жайлар уюштурулду. Эл аралык донорлордун жардамында 7 млн сомго китепкана салынып жатат. Жалпы аянты жарым гектарга жакын жерге эки эс алуу паркынын курулушу жүрүүдө. Айылдын көчөлөрү жарыктандырылып, бардык социалдык объектилерге быйыл сапаттуу интернет киргизилип, санариптештирүү жаатында алгылыктуу жумуштар аткарылды. Айыл Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна кирип, айыл өкмөттүн таза суу маселеси толугу менен чечилгени жатат. БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосунда жүн тыткан чакан цех ачылган.

  “Ата Мекен” партиясынын программасында биринчи кезекте мамлекетти башкаруу системасын реформалоо каралган. Башка бардык көйгөйлөрдүн чечилиши ушул реформага байланыштуу.  Биз децентрализациялоо жана дерегуляциялоону ишке ашырабыз. Административдик-аймактык реформаны жолго коюп, айылдарды ирилештирүү керек. Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгүн жоюп, ыйгарым укуктарын райондук администрацияларга өткөрүү зарыл”- дейт Автандил Молдосалиев.

Хаит Айкынов, №6 “Ата Мекен” партиясынан талапкер

 Орус тили жана адабияты мугалими, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана акыйкатчы болуп эчен жылдардан бери эл арасында иштеп, элдик көйгөйлөрдү беш колдой билген Хаит Айкынов быйылкы парламенттик шайлоодо депутаттыкка аттанды.

    “Саясаттын өзүнө жараша оор жүгү бар, айрыкча, Кыргызстан сыяктуу өнүгө албай жаткан мамлекеттерде саясатчы болуунун жоопкерчилиги күчтүү. Кыйынчылыкта жашаган элдин суроо-талабы, өлкөдөгү экономикалык каатчылык саясатчылардан көп эмгекти, көрөгөчтүктү талап кылат. Жолдун ушундай татаалдыгын түшүнүп туруп, парламентке аттануу аракетинде турам” — дейт Хаит Айкынов.

  Ал акыркы алты-жети жылдан бери Акыйкатчынын Баткен облусу боюнча өкүлү. Эл менен чогуу жүрүп, укук бузууларга, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо тармактарындагы паракорчулук, мыйзамсыздыктарга күбө. Бул жаатта алгылыктуу кадамдарга баруу, элдин көкөйүн кескен маселелерге чекит коюу учур талабы деп билет.

   “Саясатка барсам, көтөрө турган демилгелерим абдан көп. Ар бир атуулубуз өз укуктарын таанымайынча, өз укугу үчүн күрөшүп, эл үчүн иштей турган парламентти, өкмөттү жалдай алган активдүү жарандык коомду кура албайбыз.  Ошондой эле биздин чечилбей келе жаткан өтө орчундуу маселебиз – чек ара. Чек ара чырлары бир эле Баткендин баш оорусу катары каралбай, мамлекеттик деңгээлде каттуу көңүл бурулушу керек. Дипломаттарыбыз, жооптуу жетекчилерибиз сабатсыз, тажрыйбасыз, стратегиялык жактан алсыз болгонуна байланыштуу биз көп учурда уттуруп, кызыкчылыктарыбызды, позициябызды коргой албай жатабыз. Үмүтүбүз элде. Күнүмдүк кызыкчылыктарга, арзыбаган акчага азгырылбай, татыктууларды шайлап алышса дейм. Административдик ресурстарды пайдалануу, кыргыз деп күйгөн эр-азаматтарга бут тосуу, куру убадаларга азгырылуу Кыргызстандын келечегине кедергисин тийгизет. Жети өлчөп бир кесели. Кыргызстандын келечегине ар бирибиз жооптубуз!” — дейт Хаит Айкынов.

4-октябрь шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 01.10.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.