УКМК Кадыр Атамбаевге жооп берди

Окуялар тизмеги 30 Сен 2020 08:41
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 28-сентябрда «Апрель» каналы аркылуу жасаган билдирүүсүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Ал президент Жээнбековдун Башкы прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеген жээни Арстанбек Боромбаев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун кылмыш ишин көзөмөлдөгөнүн, ишти караган тергөөчүгө кат түрүндө көрсөтмөлөрдү бергенин айткан. Мындан тышкары Кадыр Атамбаев Ички иштер министрлигинде, «Айыл банктын» Чүй облусундагы филиалында, Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүндө президент Сооронбай Жээнбековдун туугандары иштеп жатканын билдирген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жеке баракчасындагы видеосуна жооп кайтарды.

-29-сентябрда таратылган маалыматта Конституциянын 104-беренесине ылайык, прокуратурага иликтеп-тергөөчү органдардын ишине көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөнү кабарланган. Мындан тышкары Кыргызстандын 1999-жылы кабыл алынган Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренесинде прокурор кылмыш ишин иликтөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылууга, кылмыш ишин иликтөөнү тергөөчүгө же тергөө тобуна тапшырууга, тергөөчүгө берилген ишенбөөчүлүккө уруксат берүүгө, тергөөчүгө кылмыш ишин иликтөө боюнча кат түрүндө көрсөтмө берүүгө, кылмыш ишин квалификациялоого, прокурордун ишине макул болбогон тергөөчүнүн каршылыгын кароого укуктуулугу көрсөтүлгөн.

“Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-4-беренесине ылайык, прокурордун тергөө жана иликтөө органдарына арыздарды кароо, кылмыш жана иликтөө тууралуу билдирүү боюнча берген көрсөтмөсү милдеттүү болуп саналат.

2019-жылы 26-августунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишин изилдеген. Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренеси боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына кат түрүндө көрсөтмө берилген. Прокурордун көрсөтмөсүн аткаруу ушул эле кодекстин 36-беренесине ылайык, тергөөчүнүн милдети болуп саналат. Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүнө макул болбосо, анын үстүндөгү прокурорго өз жүйөсүн кат түрүндө билдирүүгө укуктуу. Бирок бул аракети анын прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарбай коюусуна жол бербейт”.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Мамлекеттик тарых музейине байланыштуу кылмыш ишинде УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө каршылык болгон эмес.

2018-жылы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген беренеге ылайык, өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында иликтенип-тергелип жаткан кылмыш иштери изилденип чыккан. Анын натыйжасында иликтеп-тергөө органдарына 7688 көрсөтмө кат түрүндө берилген.

Кадыр Атамбаев сөз кылган Арстанбек Боромбаев прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жатканы, анын басымдуу бөлүгүн жетекчилик кызматтарда иштегени маалымдалган. 2019-жылы Башкы прокуратуранын бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганы, жакшы кызматы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгону тууралуу жазылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.