ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 54 жылдыгы белгиленди

Окуялар тизмеги 30 Сен 2020 19:44
0 ой-пикир

Бул туурасында ИИМдин АКАКтын Басма сөз кызматы Еlgezit.kg порталына билдирди.
2020-жылдын 30-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 54 жылдыгын белгилешти.


Аскердик бөлүктүн командиринин убактылуу милдетин аткаруучу подполковник Кутманбек Ашымов өзүнүн куттуктоосунда, бөлүктүн тарыхы – бул жан аябас эмгектин, өздүк курамдын кайраттуулугунун жана баатырдыгынын, Мекенинин чыныгы атуулдарынын жылнамаасы экенин белгиледи. Аскердик бөлүк түзүлгөн күндөн тартып, мамлекетибиздин жетекчилиги тарабынан, аскер бөлүктүн калыптануусуна ар дайым жардам көрсөтүлүп турду. 1980-жылы аскер бөлүктүн өздүк курамына Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишеничи берилген. Жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрүнүн негизинде аскер бөлүк СССРдин ИИМдин Ички аскерлеринин Аскердик Кеңешинин Туусу, СССРдин ВЛКСМдин Борбордук комитетинин Кызыл Туусу жана башка жогорку даражадагы сыйлыктар менен бир нече жолу сыйланган.
Салтанаттуу иш-чарада аскер бөлүктүн бир нече аскер кызматкерлери Ички коопсуздуктун аскер кызматынын Колбашчысынын, аскер бөлүктүн командиринин жана биргелешип иштеген органдардын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде төш белгилер, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу салтанаттуу иш-чарага аскер бөлүктүн ардагерлери жана меймандар чакырылган жок.


Салтанаттуу иш-чаранын соңунда өздүк курамга майрамдык концерт тартууланып, жоокерлерге майрамдык тамак уюштурулду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.