«Азия MIX» командасынын оюнчулары Эльдияр менен Эрмек Кененсаровдордун чоң энеси Какен Кененсарова 87 жашында дүйнө салды.
Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылынын тургуну, 9 баланын энеси кечээ, 30-сентябрда каза болгон.
Какен Кенесарова эртең, 1-октябрда Жыргалаң айылында жерге берилет.
Сүрөт интернеттен алынды