Жээнбеков расмий визит менен Венгрияда

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 09:43
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Венгрияга расмий визит менен келди, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортундагы жайкы талаада Ардак кароолдун ротасы тизилип, кызыл килем төшөлгөн.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат.

Визиттин алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Сүрөт Кабар маалымат агенттигинен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.