Жанар Акаев: Депутаттар президентке жүгүнүп, кошомат кылып, колуна суу куям деп жүгүрүп жүрүшөт

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 11:02
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынын программасынын негизги өзөгү — Баш мыйзамды элге кайтаруу. Бул тууралуу Жанар Акаев саясий партиялардын лидерлеринин дебатында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Конституция иштебей жатат.

«Бүгүн Баш мыйзамда парламенттик-президенттик башкаруу деп жазылган менен, де-факто, иш жүзүндө бүгүн супер президенттик башкаруу болуп жатат. Парламентте 120 депутаттын кандай иштегенин көрдүңүздөр да! Элге кызмат кылгандын ордуна, президентке жүгүнүп, колуна суу куюп, кошомат кылып жатышат», — дейт Жанар Акаев.

Ал кошумчалагандай, мындай системаны жоюунун бир эле жолу бар: күчтүү, билимдүү, саясий эрки бекем, духу бар партиялар парламентке өтүшү керек.

«Олигархтар, уурулар, коррупционерлер президенттик институтка эч качан каршы чыга албайт! Жоопкерчиликти премьер-министр алышы керек. Парламентке көпчүлүк менен келген партиядан премьер дайындалып, жоопкерчиликти алышы керек. Президент жөн гана Англиянын ханышасындай болуп, калыс арбитр болушу шарт. Биз ушул нерселерди ишке ашыра ала турган партияны түптөй алдык», — деди лидер.

Эске салсак, «Ата Мекендин» программасынын негизги өзөгүн мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо түзөт.

Алга «Ата Мекен» — №6!

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 29.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.