Илхом Маннанов БШКны сотко берет

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 10:39
0 ой-пикир

Жогорку Кенештин депутаты Илхом Маннанов өзүн «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо тизмесинен чыгаруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими менен макул эмес. Депутаттын өкүлүнүн маалыматына караганда Маннанов 29-сентябрда брифинг өткөрүп, БШКнын чечимин сотко бергени жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Файзуллаев “Биримдик”, Маннанов “Мекеним Кыргызстан” партияларынан талапкер болуп катталышкан.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алган. Ага катышкандар «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлери экени айтылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.