ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтчанын ачылышы болду

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 17:01
0 ой-пикир


2020-жылдын 29-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтчанын ачылышы болгондугун ИИМдин ИКАКтын Басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев, федерациянын вице-президенти Жеңиш Казалаков, колбашчылыктын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.
Колбашчы Исламбек Кенжекулов волейболдун тарыхына жана анын Кыргызстандагы өнүгүү жолуна кайрылып, жаштарды тарбиялоодогу маанилүүлүгүнө токтолду. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгын билдирди.
Салтанаттуу иш-чаранын аягында ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аялдар командасынын менен Бишкек шаарынын “Улар” курама командасынын ортосунда мелдеш уюштурулду.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.