Боронов Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялады

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 15:50
0 ой-пикир

 Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-сентябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министр менен статс-катчыга сөгүш «мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес» деген негизде берилген. Бирок анда кайсы сатып алуулар тууралуу сөз болгонун өкмөт так айткан жок.

Штабдын жыйынында коронавирустун жайылышына байланышкан кырдаал кооптуу болуп жаткандыктан, коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү белгилүү болду.

Боронов бир катар райондордо вирус жугузгандардын өсүшүнө тынчсыздануу билдирди. Санитардык чаралардын жана киргизилген чектөөлөрдүн сакталышына тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарынын ишин сынга алды. Илдеттин тарашынын алдын алууда жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин эскертти.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптуусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», — деди Кубатбек Боронов.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.