«Ата Мекен» партиясынын мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча 10 кадамы

Окуялар тизмеги 29 Сен 2020 15:00
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясы ачык жана адилеттүү коомдун талаптарына жооп берген, өлкөнүн өнүгүүсү жана атаандаштыкты жогорулатуу үчүн жан үрөп иштеген күчтүү жана жоопкерчиликтүү бийликтин келишин кубаттайт.

Бийликтин сапаты — бул адамдардын жашоо сапатынын өсүшүнүн кепилдиги. А бийликтин сапаты болсо башкаруунун баскычтары ортосунда ыйгарым укуктарды сабаттуу бөлүштүрүүдө жатат.

«Ата Мекен» партиясынын шайлоо алдындагы «Жаңы дем» программасынын негизги өзөгүн мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо түзөт. Негизги 10 кадам менен таанышыңыз:

1. Башкаруу системасын реформалоо. Максаты – башкаруу системасын децентрализациялоо жана дерегуляциялоо. Бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, өкмөттү чакан жана ыкчам кылып, министрликтердин жана ведомстволордун санын кыскартуу. Аутсорсинг, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизүү.

2. Баш мыйзамды элге кайтаруу. Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү. Премьер-министрге – чыныгы ыйгарым укуктар жана жеке жоопкерчилик. Президент  болсо калыс арбитр болот

3. Чиновниктер армиясын үч жыл аралыгында 30%га кыскартуу.

4. Сарамжалдык менен аскетизмди саясаттын жаңы тренди катары калыптандыруу. Кымбат кызматтык унаалар, казынанын эсебинен иш бөлмөсүн жасалгалоо таптакыр болбойт. Баарыбыз ашыкча нерселерден баш тартып, сарамжалдуулукка өтүшүбүз зарыл.

5. Мамлекеттик кызмат системасына КРI (Key Perfomance Indicator) технологиясын, тактап айтканда, ишмердүүлүктү негизги көрсөткүчтөр боюнча баалоону киргизүү. Бул бардык тепкичтеги мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөлдүн сапатын жакшыртат.

6. Бардык мамлекеттик чечимдер тобокелдик жана мүмкүнчүлүктөрдү анализдегенден кийин гана кабыл алынышы керек. Негизи эле мамлекет аналитикалык-божомолдоо борборуна айланууга умтулушу шарт.

7. Парламенттик шайлоо ачык партиялык тизме менен өтүүсүн талап кылуу.

8. Шайлообосогосун 3%га чейин төмөндөтүү.

9. Бийликтин бардык бутактарынын ишмердүүлүгүн элдик көзөмөлгө алуу механизимин киргизүү. Элде парламент кабыл алган мыйзамдарга “вето коюу” укугу болушу керек.

10. Премьер-министрдин алдында реформа жана стратегиялык өнүгүү борборун – өлкөнүн «мээсин»түзүү. Анын ишине бардык саясий күчтөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер тартылышы керек.

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 29.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.