“Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине коронавирус илдетин жуктуруп албоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Окуялар тизмеги 28 Сен 2020 16:29
0 ой-пикир

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда коронавирус илдетин жуктуруп албоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, — деп билдирет ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу учурунда коронавирус илдетин жуктуруп албоо, ошондой эле алдын алуу максатында кандай эрежелерди аткаруу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өздүк курамга нускаманы Кыргыз Республикасынын ИИМдин медициналык кызматынын дарыгери Чынара Иманалиева өттүп, коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоодо ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын кантип туура сактоо жөнүндө түшүндүрүп кетти. Күн сайын кызматкерлерге кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен кызмат аткарууда тиешелүү нускамалар өткөрүлүүдө.


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.