Кыргызстанда 1254 баладан коронавирус табылды

Окуялар тизмеги 28 Сен 2020 15:52
0 ой-пикир

Сентябрь айына карата статистика боюнча 14 жашка чейинки 1254 баладан коронавирус табылганы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 28-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, вирус аныкталган балдардын 123ү бир жашка чейинкилер. «Бир жаштан алты жашка чейинки балдар 434тү, 6-14 жаштагылар 697ни түздү. Былтыр пневмонияга 1568 бала чалдыккан болсо, быйыл бул көрсөткүч аз».

Ибраева мультисистемалык оору же Кавасаки синдромуна кабылган балдарды аныктоо үчүн протокол иштелип чыгып, рецензиялоо этабында экенин кошумчалады. Кавасакиге байланыштуу статистика боюнча жумушчу топ иштеп жатат.

Кыргызстан боюнча балдарды дарылоо үчүн беш балдар стационары даярдалды. Аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө да орундар даярдалганы кабарланды.

Сентябрдын башында Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова COVID-19 илдети менен байланышкан мультисистемалык оору же Кавасаки синдрому балдар арасында кездешип жатканын билдирген.

Кийинчерээк министрлик Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.