Жээнбеков Түркмөнстандын президентин жана түркмөн элин Эгемендик күнү менен куттуктады

Окуялар тизмеги 27 Сен 2020 12:01
0 ой-пикир

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду жана түркмөн элин Эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 27-сентябрда президенттик аппарат кабарлады.

«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген достук алакалар мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенемин»,-деп белгиленет куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухаммедовго жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгилик, ал эми түркмөн элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

1991-жылдын 27-октябрында Түркмөн ССРнин Жогорку Совети Түркмөнстандын көз карандысыздыгы жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бул күн 26 жылдан бери Эгемендик майрамы катары белгиленген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.