COVID-19 илдети дагы 161 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 27-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Жаңы учурлардын көбү Баткен облусуна туура келет, аймакта 45 факт аныкталды. Андан кийин Ош облусунда — 33, Бишкек шаарында — 29, Жалал-Абад облусунда — 23 жана Ош шаарында — 13. Дагы тогуз учур Чүй облусунда, алты учур Ысык-Көл облусунда, эки учур Нарын облусунда жана бир учур Талас облусунда катталды.
27-сентябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 151 адамды түздү.
Сүрөт интернеттен алынды