«Ата Мекенди» Нарын эли кандай тосуп алды? Сүрөт

Окуялар тизмеги 27 Сен 2020 18:33
0 ой-пикир

 “Ата Мекен” партиясынын үгүт кербени ушул тапта Нарын облусун түрө кыдырып жатат. Кочкор, Жумгал, Ат-Башыда эл атамекенчилерди чоң ишеним менен тосуп алды. Кландашкан бийликтин мыйзамсыз аракеттери, гүлдөгөн коррупция, экономикалык кризис, өлкө эгемендигине шек жараткан билдирүү боюнча лидерлердин сын сөздөрүн шайлоочулар кубаттап жатты.

Нарындагы жолугушууларга Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Эльдар Абакиров, Рыскелди Момбеков, Кундус Кырбашева, Эрлан Аскаров, Чынара Турдалиева баштаган талапкерлер келген.

Партияны шайлоого баштап барат жаткан лидер Жанар Акаев туугандашкан, кландашкан бийликти ордуна коюу, алар менен аёсуз күрөшүү бир гана «Ата Мекендин» колунан келе турганын белгиледи.

«Азыркы парламентти «чимкириктер», «элиталар» деп жаман көрөсүңөр. Ошолордун жүзгө жакыны кайра эле келе жатат го! Бизнесмен, олигархтардын баары, эки сөздү туура айта албагандар келе жатышат. Парламентти жаңылашыбыз керек. «Ата Мекен» жалаң күчтүү, таза, билимдүү курам менен аттанды. Бийлик лупа менен издеп, биздин талапкерлерден кынтык таба албай койду», — деген Жанар Акаев элди тагдыр чечүүчү тандоодо жаңылбоого чакырды.

Рыскелди Момбеков арзыбаган акчага келечекти сатпай, шайлоочулар бул ирет жаңылбашы керек деген пикирин билдирди.

  “Болбогон акчага  азгырылып, паспортун бергендер балдарыңырдын келечегин кетмендеп чаап жатасыңар. Ойгонгула, туура тандоо жасагыла! Кыргызстанды талап-тоноого маш болгондорго өлкөнүн тагдырын кантип дагы беш жылга белек кылып бергени жатасыңар!? Кысымдарга сынбай, адилеттүүлүккө ыктагыла. Анткени, эбегейсиз бийлик элде. 4-октябрда эл өз тагдырын өзү чечсин, бул шайлоо 2023-жылдагы президенттик шайлоонун бирничи этабы” —  деди Рыскелди Момбеков.

Эльдар Абакиров нарындыктарды эволюциялык жол менен өзгөрүүлөргө башат салууга чакырды.

  “Өлкөбүздү бүлүндүрүп, талап-тоноого алгандар бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүн сатканы жатышат. Революция менен эле эмес, эволюция менен 4-октябрда бурулуш жасайлы”, — деди ал.

 “Ата Мекен” социалисттик партиясынын үгүт кербени Таластан старт алып, өлкөнү түрө кыдырган соң, акыркы пункт катары Нарынга жеткен. Бүт аймактарда оппозициялык партияга бут тосуулар, талапкерлер жана тарапташтарга ар кандай кысым болуп жатат. Ошого карабай, «Ата Мекенди» колдогондор арбын. Мындай колдоо менен партия сөзсүз жеңишке жетет.

Алга «Ата Мекен» — №6!

«Ата Мекен» саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 27.09.2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.