50 млн евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт

Окуялар тизмеги 26 Сен 2020 18:24
0 ой-пикир

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, кыргыз-венгер мамилелери мына азыр жаңы деңгээлге чыгып жатат, өлкөлөрдүн жалпы тарыхый тамырлары бир.

Мамлекет башчысы 28-29-сентябрда Венгрияга боло турган өзүнүн расмий визитинин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Президент эске салгандай, Кыргызстанга 2018-жылы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен келген. Ошондо ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Визиттин жыйынтыгында Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттеринин квота орундары 25 орундан 75 орунга чейин ошол мезгилде көбөйтүлгөн. Ошондой эле Бишкекте Венгриянын Элчилиги ачылган. Мындан тышкары, 2019-жылы сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү.

Эми Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга расмий визит менен барууга ниеттенип жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.