Жээнбеков Орусияга барат

Окуялар тизмеги 25 Сен 2020 18:09
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Министр Мамлекет башчысынын алдыдагы Россия Федерациясына жумушчу иш сапары менен Венгрияга расмий визитине даярдыктар жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Россияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Россияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, Мамлекет башчысы 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. Жооп катары расмий визит менен баруу тууралуу макулдашууга 2018-жылдын сентябрь айындагы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий визитинин жүрүшүндө жетишилген. Расмий визитинде ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коногу болгон жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине байкоочу катары катышкан.

Визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.