Өкмөттөр кантип түзүлөөрү тууралуу тарых сабактары

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 25 Сен 2020 20:02
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

4-октябрда парламенттик шайлоо аяктайт. Президент өкмөттү түзүүнү бирөөгө ишенип тапшырышы керек. Бирок көпчүлүк жеңген партиялардын премьер кылчу эч кимиси жок, а бул бизде саясий адат болуп калды. Алар анда эмнеге шайлоого катышып жатышат? Парламент жалгыз эле мыйзам чыгарып отуруп калбайт да, элге жана мамлекетке тигил же бул саясатты сунуш кылган өкмөттү түзөт эмеспи?.. А көпчүлүк партиялардын программалары жок, демек, алар кайсы бир саясатты сунуш кыла алышпайт.

Дүйнө жүзүндө шайлоодон жеңип чыккан партиялардын лидерлери премьер болушат. Эки партиялуу системада жеңишке жеткен партиянын лидери премьер-министр болот, көп партиялуу системада эң көп мандат алган партиянын лидери премьер болот. Акыркысы өкмөткө керектүү колдоону түзүү үчүн парламентте көпчүлүк коалициясын түзүшү керек. Адатта, көпчүлүк жана азчылык коалициялары бир пикирдеги партиялардан куралат.

Эгер андай болбосо, анда алар “принципсиздер” деп аталат. Англияда өкмөттү түзүүдө премьер-министрдин талапкер менен жеке байланышы маанилүү ролду ойнойт – достук, тааныштык, кесиптеш жана башка ушул сыяктуу нерселер, Германияда талапкерлерге бир гана талап бар – ал жогорку кесипкөй болушу керек. Президенттик мөөнөтүнүн аягында президент Атамбаев Баш мыйзамга кол шилтеп, ал бул кызматка отурганга чейинкилердей, өзүнүн өкмөтүн өзүнүн каалоосу боюнча түзө баштады.

Көпчүлүк коалициясы саясатта эч кандай роль ойной албай калды, а бул нерсе көпчүлүк коалициясынын лидери К.Исаев менен президент Атамбаевдин ортосундагы курч жаңжалды жаратты, жыйынтыгы биринин отургузулушу менен аяктады. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн каалоосу боюнча, эң аз орун алган партия лидерине да өкмөттү түзүүнү тапшыра алат, бул албетте, адилетсиз, бирок мен жаңылышкан жокмун. Натыйжада коалициялык өкмөттөр түзүлүп, аларды эки гана жолу партиянын лидерлери – КСДПдан А.Атамбаев жана «Республикадан» О.Бабанов жетектеген.

Калган премьерлердин баары иш жүзүндө техникалык гана премьерлер болушкан, башкача айтканда, башка тармактан чакырылышкан. Алардын парламентте өзүлөрүнүн партиясы болгон эмес, демек, премьер-министрдин өз алдынчалуулугу жана саясий узак жашоосу үчүн өтө маанилүү болгон тиешелүү колдоо жок болгон жана Кыргыз Республикасынын Президентинин же жеке кадыр-баркынын – Жумагулов, Муралиев, Сатыбалдиев, Сариев, Оторбаев, Боронов жана башкалардын колдоосу менен шайланган.

Эми партиялардын лидерлерин, бул жогорку жана өтө жооптуу кызматты ээлеш үчүн кандай позициялары бар экенин карап көрөлү. «Мекеним Кыргызстан»: Мирлан Бакиров, экономист, бухгалтер. Жогорку Кеңештин вице-спикери болгон.

Польшанын мурдагы президенти Б.Комаровский Сеймдин жогорку палатасынын спикери (маршалы) болгон. «Кыргызстан»: Канат Исаев, экономист.

Ал шаар мэри, эң бай Чүй облусунун губернатору, эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидери болгон. Түрмөгө президент Атамбаев менен тил табыша албагандыгы жана оройлугу үчүн камалып чыкты, бул анын күчтүү лидерлик сапаттарга, мүнөзгө ээ экендигин айгинелейт. Президенттер Нельсон Мандела менен Вацлав Гавел да түрмөнүн катаал мектебинен өтүшкөн.

«Бир Бол»: Алтынбек Сулайманов, экономист. Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты. «Реформа»: Клара Сооронкулова, юрист. Конституциялык палатанын мүчөсү, юридикалык илимдердин кандидаты. Айрым учурларда Конституциялык соттун экс-президенттери дүйнөдө президент болуп калганын эстесек, анын дагы мүмкүнчүлүгү бар деп айтсак болот.

Адахан Мадумаров, тарыхчы. Партиянын эң көп аты чыккан лидери. Буга чейин 2 жолу Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин спикери, мамлекеттик катчы, “Совбездин” төрагасы болду. «Биримдик»: Марат Аманкулов, юрист. Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку депутаты жана анын спикери. Бишкек деген эмне? Бишкек – бул өлкөнүн экономикасынын 80 пайызы. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Чет өлкөдөн окуп келген. Маданият министринин орун басары болгон.

Билим берүү министринин орун басарлыгынан дүйнөлүк масштабдагы саясатчыга чейин жеткен Маргарет Тэтчерди эстесек, анын дагы мүмкүнчүлүгү бар деп болжолдой алабыз. «Мекенчил»: Камчыбек Ташиев, инженер-химик. Жогорку Кеңештин депутаты, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси болгон.

Мен регалияны гана тизмектедим, бирок мындан башка факторлор да –экономиканы билүүсү, жеке сапаттары, командада иштөө жөндөмдүүлүгү, психикалык абалы жана башка факторлору эске алынышы керек.

Башкаларды таарынткым келбейт, эсимде да жок. Бардык саясатчылардын эле мүмкүнчүлүктөрү бар. Владимир Путинди, Александр Лукашенкону, Никол Пашинянды, Михаил Саакашвилини жана башкаларды да алар саясатка келгенде эч ким билчү эмес. Ошого карабастан, кыргыздын саясий салтын эске алуу менен, техникалык премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалып калуу мүмкүнчүлүгү дагы деле жогору. А Жогорку Кеңеште өзүнүн партиясы жок мындай премьер-министр, албетте, алсыз жана баарынан көз каранды болот. Анан өлкөдөгү иштер жана реформалар үчүн бардык жоопкерчилик кайрадан эле, адаттагыдай эле, Кыргыз Республикасынын Президентине жүктөлөт. Мына ушундай чиеленген чөйрө. Андан чыныгы лидерлери бар реалдуу партияларды түзүп, депутаттардын сапаттык курамын чыңдоо менен гана чыга алабыз, алардын ар бири келечекте министр жана премьер-министр болушу мүмкүн. Жадакалса мындан да жогорку кызматка барышы мүмкүн.

Бирок, тилекке каршы, мындай адамдар жолдо жатпайт экен. Аларды тарбиялап, өстүрүп чыгуу керек. Партиялардын жаштар канаттары, волонтёрлуктары эмнеге түзүлгөн? Эгемендүүлүк жылдарында бизде 30дан ашуун премьер-министр алмашылды. Бул дүйнө жүзү боюнча Италиядан кийинки экинчи орун. Жок дегенде бул жагынан алдыда экенбиз. Орточо статистика боюнча, премьер-министр кызматында 8 ай иштеген. Ушул убакыт аралыгында эмне кылып жетишсе болот же кантип таң калтырса болот? Маргарет Тэтчер премьер-министрлик кызматтагы эки жылында өлкө үчүн эч нерсе кыла алган эмес, ал мындай ийгиликсиздиктен аябай айласы кеткен, бирок Фолкленд кризиси башталып калган… Ушул жерден анан анын ичинде жаткан таланттар толугу менен ачылып кеткен. Ал эскирген Улуу Британияга жаңы күч-кубат дем берип бардыгына «Кузкиндин энесин» көрсөттү. Ал бул кызматта 11 жылдан ашуун отуруп, керектүү убакта ызаты менен кызматтан кетти. “Буудайдан саманды” бөлүп алганды үйрөнүшүбүз керек. Премьерлерибиз баары ар башка. Жетишкендиктери дагы. Бирок баары тең “улуттук масштабдагы” саясатчылар жана жеке инсандар.

Кандай гана ойлобоңуз же каалабаңыз, мурункудай эле, мурунку премьерлер президент болот. Бийликке ким келсе дагы, ийгиликти жаратууга жардам бере турган саясий моделди тандап, өлкөбүздө ишке ашыруу үчүн немистер сыяктуу так жана ойлонулган, англичандар сыяктуу педантикалуу, япондор сыяктуу рационалдуу, так жана терең ойлонуу керек. Мына ошондо гана жогоруда аталган, башка өлкөнү жана элди өнүгүүгө эмес, аман калууга муктаж кылган баш аламандыктар мүмкүн болбойт.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.