Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү

Окуялар тизмеги 24 Сен 2020 17:05
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш тууралуу иштер, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берилди.

Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңеш шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, анын алкагында УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чаралар планы даярдалганын айтып берди.

Ошондой эле улуттук коопсуздук органдары тарабынан шайлоо маалында коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө жол бербөө жана өлкөнүн стратегиялык объектилеринин антитеррористтик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар уюштурулган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.