ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгында, аскер бөлүктөрүндө мамлекеттик тилге арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү

Окуялар тизмеги 23 Сен 2020 15:06
0 ой-пикир


Бул тууралуу ИИМдин ИКАКтын Басма сөз кызматы билдирди.

Жыл сайын 23-сентябрь күнү республикабызда мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленип келүүдө. Мындан отуз бир жыл мурда, тагыраак айтканда, 1989-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу менен кыргыз тилине мамлекеттик тил деген макамды ыйгарган.
Мына ушул датага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгында, аскер бөлүктөрүндө мамлекеттик тилге арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.
Колбашчылыктагы иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң аскер кызматкерлери кыргыз акындарынын мамлекеттик тилге арналган ырларын көркөм окушуп, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгү, анын аскер кызматында ээлеген орду тууралуу пикир алмашышты. Иш-чара учурунда аскер кызматкерлерине “Кыргызстанда мамлекеттик тилдин өнүгүшү тууралуу” даректүү фильм сунушталып, ал боюнча түрдүү ой-пикирлер айтылып, ар кандай сунуштар киргизилди.
Белгилей кетчү жагдай, акыркы жылдарда ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында иш өндүрүшү, өз ара мамилелер, аскердик командалар толугу менен мамлекеттик тилге которулуп, аны өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылууда.
Ошентип, майрамдык иш чара аскер оркестринин кызматкерлеринин концерттик программасы менен аягына чыкты.


https://www.youtube.com/watch?v=HG7MOgHIPgE&pp=QAA%3D

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.