Жээнбеков: «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем»

Окуялар тизмеги 22 Сен 2020 08:55
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мааракелик 75-сессиясында видео кайрылуу таратып, анда пандемиянын өлкө экономикасына тийгизген таасири жөнүндө сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы пандемияда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн өнөктөш өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.

«Коронавирустун кесепети тышкы карыз маселесине катуу таасирин тийгизди. «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деди президент.

Мындан тышкары Жээнбеков илдеттен жакындарын жоготкондорго көңүл айтты. Президент Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жатып, адам укуктарын, укук үстөмдүгүн жана демократияны коргоого маани берерин билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.