Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 19 жаштагы кыз сөзүнө турбаган жигитинин унаасына өрттөп жиберген. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда милицияга 23 жаштагы тургунуна таандык Lacetti Jentra унаасы өрттөлгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Териштирүүнүн жыйынтыгында Ситора Г. аттуу жаран жабырлануучу менен бир нече убакыт бою жакын мамиледе болгондугу аныкталды. Унаасы өрттөлгөн жабырлануучу жигит үйлөнөм деп убада берип, сөзүнө турбай койгон. Алданган кыз жигиттин унаасынын ичине жана сыртына бензин куюп, өрттөп жиберген.