«Мекенчил» партиясын Кара-Суу шаарынын эли менен жолугушуусуна мэрия уруксат берген жок

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 14:43
0 ой-пикир

«Мекенчил» партиясынын Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында эл менен 21-сентябрга белгиленген жолугушуусуна мэрия уруксат берген жок. Бул тууралуу партиянын өкүлү Төлөгөн Келдибаев билдирди:

«Биз алдын-ала маалымдама жөнөткөнбүз. Бирок уруксат бербей коюшту. Прокуратурага кайрылдык. Бир канча талаш-тартыштан кийин шаардык паркта жыйын курууга уруксат беришти».

Келдибаевдин айтымында, мэрия борбордук аянтка курулуш техникасын алып келип койгон.

Шаар мэри Адыл Лолобаев партиядан маалымдама 18-сентябрда келгенин бышыктап, аянтта жер астындагы суу куурларын оңдоо иштери пландалгандыктан, жыйынды башка жакта өткөрүү сунушу айтылганын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.