19-сентябрда Бишкектеги Шератон ресторанында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов улуу кызы Айперини турмуш жолуна узатты. Бабановдун жакындары 24.kg агенттигине билдиргендей, күйөө баланын аты Санжар Кангельдиев алар бири-бири менен Лондондо окуп жүргөндө таанышкан. Эки жаш бир окуу жайда (Cass Business Schoo) окушат. Айпери Бабанова Бишкектеги №61 мектепти аяктаган.
Той жаз айларына пландаштырылган. Бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу той кийинкиге жылдырылган.
Кыз узатуу кечеси тар чөйрөдө өзүнө жакын адамдарынын жана туугандарынын коштоосунда өткөнү белгилүү болду.
Сүрөт www