Сутка ичинде коронавирус 55 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 8, Ошто бир, Чүй облусунда бир, Ош облусунда 7, Талас облусунда 5, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусу 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 25 адам илдетке кабылды.
Белгилей кетсек, 21-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 55 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 471ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 682 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.
Сүрөт интернеттен алынды