Аравандагы чыр-чатак: Бир жарандын абалы оор

Окуялар тизмеги 21 Сен 2020 08:54
0 ой-пикир

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды.

Анда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, уруш чыгарган. Партиянын маалыматына караганда жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жаткырылган. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат. Бул партия өз билдирүүсүндө чагымчыл топ кимдер экенин жазган жок.

Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.