Нурлан Алишеровго (Ташчайнар) президенттин атынан материалдык жардам тапшырылды

Окуялар тизмеги 20 Сен 2020 10:45
0 ой-пикир

19-сентябрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Нурлан Алишеровдон (Ташчайнар) кабар алды.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейин Ташчайнардын оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланып, жардамга муктаж экендиги маалым болгон.

Жолугушуу учурунда Нурлан Алишеровго ден соолугун чыңдоого зарыл болгон аракеттерди көрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын президентинин атынан материалдык жардам тапшырылды.

Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын жана кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин айтып, ал үчүн толук реабилитациядан өтө тургандыгын билдирген.

Нурлан Алишеров Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө «Ташчайнар» каймана аты менен белгилүү балбан. Учурда ооруканадан ийгиликтүү дарыланып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.